Милиция кызматкерлерине карата зомбулук аракеттери боюнча кылмыш иши козголду
Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (“дене-бойго зомбулук колдонуу менен бийликтен аша чабуу”) жана 280-беренеси (“алдын ала бүтүм боюнча адамдарды тобу тарабынан жасалган бейбаштык”) боюнча кылмыш иши козголду.
Текшерүүдө, Майлуу-Суу ШИИБнүн кызматкерлери М.А., К.Н. жана башкалар өз бийлигинен аша чаап, бир нече жаранды ур-токмокко алып, зомбулук колдонгон фактылары аныкталган.
Учурда тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/