Бүгүн, 4-февралдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ боолду.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай, Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Кыдырша, Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык уулу жана Гулистан, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү максатында иштелип чыккандыгын белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/