Кыргызстандык студенттер “Digital Almaty 2025” санарип форумуна катышты – ИА Караван Инфо
Кыргызстандык студенттер “Digital Almaty 2025” санарип форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана Казакстандык «Goodwill AqNiet Foundation» коомдук бирикмеси менен биргеликте 2025-жылдын.

30-январдан 1-февралга чейин КР ЖОЖдорунда окуп жаткан кыргыз студенттеринин Алматы шаарына волонтер катары «Digital Almaty 2025» Эл аралык санариптик форумун уюштурууга көмөк көрсөтүү үчүн иш сапары уюштурулду.

Аталган «Digital Almaty 2025» Эл аралык форумуна ТИМге караштуу К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясынын студенттери, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык байланыштар факультетинин студенттери жана Ала-Тоо Эл аралык университетинин студенттери катышты.

«Digital Almaty 2025” эл аралык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев жана Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Жеңишбек Асанкулов кыргыз студенттери менен жолугушту. Анын учурунда дипломаттар жаш муунга колдоо сөздөрүн айтып, алардын мындай эл аралык иш-чараларга катышуусунун маанилүүлүгүн белгилешти жана окууларында, келечектеги кесип тандоодо ийгиликтерди каалашты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: