2025-жылдын 3-февралында “Продэкспо-2025” аталышындагы 32-эл аралык азык-түлүк жана суусундуктар көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчилигинин көмөгү жана Кыргыз Экспорт экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү мамлекеттик борборунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук экспозициясынын ачылышы өттү.
“Продэкспо-2025” көргөзмөсүнө катышкан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Боконтаев Кыргыз Республикасынын 26 экспортко багытталган компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын жогорку потенциалын белгилеп, чет өлкөлөрдүн рынокторуна атамекендик экспортту илгерилетүү максатында экспортко багытталган кыргыз компанияларынын катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
3-февралда башталган эл аралык көргөзмө жана анын алкагында ачылган Кыргыз Республикасынын Улуттук экспозициясы Москва шаарында 2025-жылдын 7 февралына чейин өтөт.
Маалымат иретинде:
“Продэкспо” – бул Россияда жана Чыгыш Европадагы азык-түлүк жана суусундуктар боюнча эң ири эл аралык көргөзмө болуп саналат жана дүйнөлүк деңгээлдеги эң көп суроо-талапка ээ болгон 10 көргөзмөнүн катарына кирет. Быйылкы жылы көргөзмөгө 1835 компания катышууда, алардын ичинен 1383ү Россиядан, ал эми 453ү чет өлкөлүк. Экспоненттер катары 40ка жакын мамлекеттен келген уюмдар катышууда, алардын катарында Азербайжан, Аргентина, Армения, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Литва, Мексика, Непал, БАЭ, Сербия, Таиланд, Түркия, Өзбекстан, Франция, Чили, Швейцария жана Шри-Ланка бар. “Продэкспо-2025” көргөзмөсүндө дүйнөнүн алдынкы өндүрүүчүлөрү жана жеткирүүчүлөрү тарабынан сунушталган азык-түлүк жана суусундуктардын мыкты үлгүлөрү көрсөтүлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/