2025-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык жана техникалык өз ара аракеттенүү, миграциялык жана санкциялык маселелер, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык демилгелерге катышуусу тууралуу талкуулашты.
Кыргыз тарап бул маселелер боюнча тең салмактуу чечимдерди табуу үчүн диалогду улантууга кызыкдар экенин билдирди. Элчи Л. Вигери АКШнын кыргыз тарап менен эки тараптуу механизмдердин алкагында кызматташууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуу конструктивдүү жана ишкер маанайда өттү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/