Баткен: Өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат – ИА Караван Инфо
Баткен: Өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Турак үй жана имараттарды жылытууда ар кандай ыкмаларды колдонобуз. Ошондуктан адам өлүмүнө жана материалдык чыгымдарга жол бербөө, өрттүн алдын алуу максатында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү.

Учурда Баткен шаары жана Лейлек району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери да практикалык иш-чараларды өткөрүүдө. Алсак, шаар аймагында турак үйлөрдөн сырткары мечиттерде, Лейлек районунун Ак-Арык айылындагы кесиптик лицейинде да өрттүн алдын алуу жана өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: