Уран Темирбеков: Кыргызстандын АКШнын негизги өнөктөшү болууга мүмкүнчүлүгү бар – ИА Караван Инфо
Уран Темирбеков: Кыргызстандын АКШнын негизги өнөктөшү болууга мүмкүнчүлүгү бар

Америкалык бизнестин Кыргызстандагы катышуусу чектелүү, бирок биздин өлкөнүн Борбордук Азиядагы АКШнын негизги өнөктөшү болуу мүмкүнчүлүгү бар, дейт КР Соода-өнөр жай палатасынын Чикагодогу өкүлү, “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду – Долбоордук кеңсе” коомдук фондунун төрагасы Уран Темирбеков.

Анын пикиринде, бул үчүн америкалык инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Дегеле Кыргыз Республикасындагы чет элдик ишкерлерди кандай бизнес кызыктырат жана эки өлкөнүн кызматташтыгын кантип активдештирүү керек, баары “Караван-Инфо” менен болгон кызыктуу маегинде.

«Бүгүнкү күндө биздин экономикалык мамилелерибиз активдүү калыптануу стадиясында турат жана мен мындан чоң келечекти көрүп турам. Америкалык бизнес Борбор Азиянын аймактарына кызыгуусун көрсөттүүдө, андыктан Кыргызстандын негизги өнөктөш болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок айрым барьерлер бар. Мисалы, Кыргызстан тууралуу инвестициялык аймак катары маалыматтын аздыгы, бюрократиядан улам бизнес жүргүзүүнүн кыйынчылыгы, мыйзамдык тобокелдиктер, ошондой эле алыстыктан улам логистикалык көйгөйлөрдүн жаралышы.

Кызматташтыкты активдештирүү  үчүн чет элдик инвесторлорго ачык-айкын жана түшүнүктүү шарттарды түзүү зарыл. Ошондой эле Кыргызстанды эл аралык инвестициялык форумдарда таанытуу, салыктык жеңилдиктерди сунуштоо жана бизнести колдоо үчүн инфраструктураны өнүктүрүү маанилүү» – деди ал.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: