Кышкы Азия оюндары: Бүгүн хоккей боюнча улуттук курам Бахрейндин командасы менен ойнойт – ИА Караван Инфо
Кышкы Азия оюндары: Бүгүн хоккей боюнча улуттук курам Бахрейндин командасы менен ойнойт

Бүгүн, 5-февраль Кытай Эл Республикасынын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин 2-туру башталат.

Улуттук курам экинчи айлампада Бахрейндин командасы менен ойнойт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 дө башталат.

Эске салсак, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде жеңип, 2 упай менен “В” тайпасында 2-орунду ээледи. Ал эми 3 упай менен 1-орунда Сингапур өлкөсү келе жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: