Royal Gate Yurt Camp Booking Awards 2025 сыйлыгына ээ болду
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Жомок каньонундагы “Royal Gate Yurt Camp” долбоору Booking.com платформасында 10дон 9,5 жогорку рейтингге ээ болуп, абройлуу Booking Awards 2025 сыйлыгынын жеңүүчүсү болду.
Сыйлык тейлөө сапатын жана эс алуу атмосферасын баалаган коноктордун оң пикирлеринин негизинде берилди.
Мындай сыйлыкты алуу Royal Gate конокторуна көрсөткөн жогорку деңгээлдеги тейлөөнү жана комфортту тастыктайт.
Сыйлык ошондой эле Royal Gate компаниясына кошумча атаандаштык артыкчылык берип, туристтик трафикти көбөйтүүгө жана рынокто анын аброюн жогорулатууга жардам берет. Глэмпинг жаңы конокторду жаңы сезондо боз үйлөрдүн жана жаратылыштын кайталангыс атмосферасынан ырахат алууга чакырат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/