2025-жылдын 3-февралында Стамбул шаарында ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн театр ишмерлерине 2024-жылдын натыйжасында эл аралык театр сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Жыл сайын Түркияда «Tiyatro» уюму жана «TURKSOY» эл аралык уюму биргелешип түрк дүйнөсүнүн театр искусствосу жаатындагы ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарды ыйгарышат.
Эл аралык 10-театр сыйлыгынын тандоо комиссиясы «Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр режиссеру» номинациясын режиссер Уланмырза Карыпбаевге ыйгарды.
Маалымат үчүн:
Уланмырза Карыпбаев 2014-жылы «Тунгуч» жаштар театрынын алдындагы студиянын бүтүрүүчүсү. 2020-жылы Санкт-Петербургдагы Россия мамлекеттик театр искусствосу институтун «театралдык режиссура»адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктап жана Екатеринбург мамлекеттик театр институтунун «Маданият жана искусство тармагындагы менеджмент» адистиги боюнча кесиптик кайра даярдоо курстарын бүтүргөн.
Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын, Казакстандын, Белоруссиянын, Россиянын жана Түштүк Кореянын театрларында 35ке жакын спектакль койгон.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/