Министр Сыргабаев Чүйдүн делегаттары менен жолугушту – ИА Караван Инфо
Министр Сыргабаев Чүйдүн делегаттары менен жолугушту

5-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү Чүй облусундагы III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.

Белгиленгендей, Курултайда министрликке Чүйдөгү жолдор боюнча 34 кайрылуу түшкөн.

Министр Абсаттар Сыргабаев Элдик курултайда делегаттар тарабынан айтылган маселелер мүмкүнчүлүккө жараша ирети менен чечиле турганын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын декабрь айында өткөн III Элдик курултайдын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жалпы 200дөн ашуун кайрылуу келип түшкөн. Алардын көбү жолдордун абалы, жол куруу, көпүрө салуу иштери.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: