Тилекке каршы, биз баарыбыз картаябыз. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жашоо образыбыздагы айрым адаттар кээде бизди 5-10 жылга улуу көрсөтүп коёт. Адамдын жаштыгы, сулуулугу өз колунда. Ал үчүн төмөнкү адаттардан биротоло баш тартууга туура келет.
1. Алкоголдук ичимдиктерди колдонуу
Ичимдикти көп ичкен адамдын кан тамырларынын тонусу жоголуп, бетинде вена торчолору пайда болот. Мындан тышкары алкоголду көп колдонгон организмге нымдуулук дайыма жетишсиз болот, бул болсо терини саргайтып, кургатып, бырыштардын тереңдешине шарт түзөт. Ичкен адамдарда А витаминин өнөкөт жетишсиздиги болот, А витамини болсо коллагенди иштеп чыгууга зарыл болгон компонент.
2. Сууну аз ичүү
Эгерде организмде суу жетишсиз болсо, ал сыртка чыгат. Чач бозоруп көрксүз көрүнт, тырмактар сына берет, а тери жагымдуу түсүн жоготот. Сырттан караган адамга чарчаңкы көрүнөсүз. Мындай көрүнүш эч кимди жаш көрсөтпөйт. Андыктан сууну керектүү өлчөмдө, туура ичкенди үйрөнүңүз. Чоң адам бир күндө 2,5-3 литр суу ичсе болот. Температурасы дененин температурасында, башкача айтканда, 36-37 градустагы ысык суу ичкен пайдалуу.
3. Уйкунун жетишсиздиги
Сегиз сааттык сапаттуу уйку организмди стресстен арылтып, терини жаш бойдон узагыраакка кармап турат. Уйку жетишсиз болгондо көздүн тегереги карарып, теринин өңү өзгөрүлүп кетет. Ал эми түнкү уйку учурунда стресс гормондору эң төмөнкү деңгээлге чейин түшөт, бул учурда клеткалардын калыбына келүүсүнө жана жаңылануусуна шарт түзүлөт.
4. Тамеки тартуу
Тамеки тарткан адамдын териси да бат картаят. Тамекинин курамында бүт организмди стресске жеткирүүчү химиялык элементтер бар. Кан тамырлар ичкерип кетет да, териге кычкылтек, витаминдер, пайдалуу микроэлементтер жетпейт, нымдуулук да дайыма жетишсиз болот.
5. Таттууну көп колдонуу
Кантты көп колдонуу бир гана бизге ашыкча салмак кошпой, сулуулугубуз менен жаштыгыбызды да алып коёт. Анткени кант теринин серпилгичтигине жооп берүүчү эластин менен коллагендин иштелип чыгышына тоскоолдук жаратат. Жыйынтыгында таттууну көп жеген адамдын териси шалбырап, кургап, көзүнүн тегереги карарып өз курагынан улуу көрүнөт.
6. Кыймылдын аздыгы
Физикалык кыймыл кан айланууну жакшыртып, иммунитетти көтөрөт. Бул өз кезегинде биздин жүзүбүзгө чыгып, жаштык берет.
7. Кофени көп ичүү
Ченеп ичилген чай менен кофе албетте жакшы. Бирок ашыкча ичүү зыянын гана тийгизет. Тактап айтканда, стресстин гормону болгон кортизолдун организмде көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Кортизол болсо денени шишитет, зат алмашууну жайлатат жана маалынан эрте картаюуга жеткирет.
8. Косметиканы жуубай жана туура эмес абалда уктоо
Оор жумуш күнүнөн кийин дароо эле төшөккө бой уруп уктап калган кандай сонун! Бирок эч качан андай кылбаңыз. Күнү бою сырттагы чаң, кирлер макияж коюлган бетиңизге жармашып, теринин тешкчелерин жаап калат. Бул болсо сезгенүүнү, безетки, ар кандай бүдүрлөрдүн чыгуусун шарттайт.
Ал эми көмкөрөдөн жаздыкка бетти тиреп жатуу бетте, моюнда бырыштарды пайда кылат. Ошондуктан эрте картайбайын десеңиз туура уктоону үйрөнүңүз.
9. Гаджеттерге көз карандылык
Гаджеттерден чыккан көк түс ультрафиолет нурларына окшоп кетет: ал эркин радикалдардын пайда болуусун шарттап, эластин менен коллагендин иштелип чыгуусуна тоскоолдук жаратат. Жөнөкөй сөз менен айтканда бырыштарды пайда кылып, бетти күңүрт түскө ээ кылат.
Мындан тышкары, уктар алдында телефон көрсөңүз көк түс көздүн торчосуна түшөт да, уйку режими бузулат.
10. Фастфуд
Фастфуд тез толуп кетүү үчүн гана зыяндуу эмес, жалпы организмди бузуу коркунучу бар. Алардагы трансмайлар кан тамырларды жана артерияны тосуп калат да, теринин түсүн күңүрт кылып өзгөртүп коёт. Жыйынтыгында сиз өз жашыңыздан улуу жана оорукчандай болуп көрүнөсүз.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/