5-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Сергей Вакуновду Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына киришкени менен куттуктады.
Тараптар транспорт тармагында кызматташууну мындан ары да бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Ведомство жетекчиси Сыргабаев Кыргызстан менен Россиянын аймагында каттаган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
Өз кезегинде Сергей Вакунов жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, талкууланган бардык актуалдуу маселелер ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/