Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты – ИА Караван Инфо
Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты

Бүгүн, 2025-жылдын 6-февралында,  Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү соттор жыл  жыйынтыгын чыгарышты.

Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басарынын милдетин аткаруучу Канат Аманов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басарынын милдетин аткаруучу Бекболот Сейталиев жана административдик иштер боюнча төраганын орун басары Жекшеналы Курманбаевдин баяндамалары угулуп, айрым кемчиликтер боюнча жүргүзүлгөн анализдер да ортого салынды.

Видеоконференц байланыш аркылуу өткөн жыйында 2024-жылы Жалал-Абад облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан жалпысынан 31 887 иш жана соттук материалдар кароого келип түшкөн. Бул 2023-жылга караганда 8278 ишке көп.

Ал эми апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан өткөн жылы жалпысынан 1620 иш каралган. Мындан 596 иш кассациялык тартипте каралып 427 иш же 71,64% күчүндө калтырылып, 144 иш же 24,16% жокко чыккан, 20 иш же 3,36% өзгөртүлгөн.

Ал эми жакында эле иш сапары менен аталган аймакта болгон  учурда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев тарабынан соттордун материалдык-техникалык абалын жакшыртуу багытында коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Алмаз Токтосунов маалымат берди.

Анда серверлерди өзүнчө бөлмөлөргө жайгаштыруу, жарандар үчүн  соттордо шарттарды түзүү тапшырмалары коюлган.  Бул багытта иш аракеттер көрүлүп жаткандыгын Алмаз Токтосунов билдирди.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучусу Жыпар Сабырова аталган  облустагы соттордун ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берип, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга, кемчиликтерге жол бербөө максатында иш  аракеттер көрүлөөрүн  белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: