Экономика жана коммерция министрлигинде биринчи вице-министр Чоро Сейитовдун төрагалыгы алдында Standard & Poor’s эл аралык рейтингдик агенттигинин аналитиктери менен Кыргыз Республикасына эгемендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-министр аналитиктерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана жүргүзүлгөн реформалар менен тааныштырды.
Өз сөзүндө ал 2023-жылы тарыхый чек ашылганын белгилеп, өлкөнүн ИДӨсү 1 трлн 228 млрд 900 млн сомго жеткенин, өсүш темпи 6,2% түзгөнүн билдирди.
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары экономикалык өсүштүн 2022-2023-жылдары башталган тенденциясын улантып жатканын көрсөттү.
Жолугушуунун соңунда биринчи вице-министр Чоро Сейитов конструктивдүү диалог үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Standard & Poor’s рейтингдик агенттиги менен мындан аркы кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Рейтингдик агенттиктин кызматкерлерине негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, санариптик өнүгүү тармагындагы реформалар, соода-экономикалык кызматташтык, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле жер казынасын пайдалануу, энергетика жана статистика маселелери талкууланды.
Визиттин алкагында аналитиктер өлкөнүн министрликтери жана ведомстволору менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эл аралык каржы институттары жана чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/