Жалал-Абад: Сел каналдарын тазалоо жумуштары башталды
«Атайын алдын алуу жана кесепеттерин» жоюу иш мерчеминин негизинде Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Орто-Азия сел каналынын 520 метр аралыгын тазалоо, нугун кеңейтүү иши башталды.
Сел каналды тазалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 оор инженердик техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалган.
Аталган сел канал тазаланса 70 турак жай, 25 гектар айдоо жери сел кооптуулугунан корголот.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 41 объектиде сел кырсыктарын алдын алуу жумуштары аткарылат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/