Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун бир катар токой чарба ишканаларына барып, эки тараптуу мүмкүн болгон кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Элчиге Республикалык токой селекциялык үрөн борборуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө үрөндөрдү даярдоо жана селекциялоо, токой үчүн көчөттөрдү өстүрүү жана декоративдик чарба жүргүзүү боюнча алдынкы технологиялар тааныштырылды.
Ошондой эле Беларусь Республикасынын Токой чарба министрлигинин кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун жетекчилиги менен окуу борборунун базасында токой чарбасы боюнча кыргызстандык адистерди окутуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, экологиялык таза отун гранулдарын (пеллеттердин) чыгаруу менен алектенген “Борисов эксперименталдык токой чарбасы” мамлекеттик эксперименталдык мекемесинде болду. Элчи Эрбол Султанбаев кыргызстандык керектөөчүлөрдү көмүр отунуна альтернатива катары Борисов токой чарба продукцияларын жеткирүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/