Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу автовокзалдарда билеттерди алдын ала брондоо жана сатып алуу системасын ишке киргизди.
Бул система эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн билеттерди расмий сайттан https://tezket.kg/ 10 күн мурун брондоого мүмкүнчүлүк берет.
Сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Маршрут тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт.
Учурда кадимки тартипте “Бишкек автовокзалы” (Алма-Ата көчөсү, 1/1) жана убактылуу иштеп жаткан батыш автовокзалы (“Ак-Кула” ат майданынын жанында) иш алып барууда.
“Бишкек автовокзалына” төмөнкү муниципалдык транспорт каттамдары жүрөт:
“Ак-Кула” ат майданына төмөнкү автобустар каттайт:
Эскертүү: убактылуу иштеп жаткан батыш автовокзалында (ипподром “Ак-Кула”) билеттерди алдын ала брондоо жана сатуу системасы техникалык маселелер чечилгенден кийин жакынкы аралыкта ишке киргизилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/