«Көк-Жар» кичи районундагы гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулат – ИА Караван Инфо
«Көк-Жар» кичи районундагы гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулат

«Көк-Жар» кичи районундагы жаңы мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн  Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине өткөрүлүп берилген.

Өз кезегинде «Бишкекбашкыархитектура» бул аймакта билим берүү мекемесин түзүү зарылдыгын тастыктаган шаар куруу корутундусун даярдаган.

Ошентип, 2024-жылдын 9-октябрында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 710 объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча билдирүү жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө 640 гараж ыктыярдуу түрдө демонтаждалган.

Билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда башкармалыктын адистери «Тазалык» МИ менен биргеликте объекттерди демонтаждашат.

Урматтуу шаардыктар! Муниципалитеттин жүргүзүп жаткан иштерине түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Башаламан жайгашкан гараждардын ордунда кичинекей бишкектиктер үчүн жаңы заманбап,  ыңгайлуу  мектеп пайда болуп шаардыктар жаңы жумуш орду менен камсыз болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: