SpaceX дүйнөдөгү эң чоң ракетасын учурду
Иштеп чыгуучу SpaceX компаниясы Айга жана Марска башкарылуучу учууга арналган Starship ракетасын ийгиликтүү төртүнчү учурганын жарыялады. Жерди бир айланып өткөндөн кийин кеме Инди океанына ийгиликтүү конду.

Көп жолу колдонулуучу ракета системасы Starship космостук аппаратынан жана Super Heavy ракетасынан турат. Бул системанын бийиктиги 120 метрден ашып, дүйнөдөгү эң бийик ракета болуп калды. Super Heavy ташуучусу NASA Айга адам башкарган учуу үчүн иштеп жаткан оор Космостук учуруу системасы (SLS) ракетасынан эки эсе күчтүү.
Сүрөт: SpaceX