Кытай Айдын арткы көрүнбөгөн жагынан топурак үлгүлөрүн биринчилерден болуп чогулткан — ИА Караван Инфо
Кытай Айдын арткы көрүнбөгөн жагынан топурак үлгүлөрүн биринчилерден болуп чогулткан

Тарыхта биринчи жолу кытайлык «Чанъэ-6» зонду Айдын арткы көрүнбөгөн тарабынан топурак үлгүлөрүн чогулта алды жана жерге ийгиликтүү кайтып келди. Мындай маалыматты Кытайдын улуттук космостук башкармалыгы билдирди.

Чанъэ-6 зондунун кондуруучусу 2024-жылдын 2-июнунда Айдын арткы көрүнбөгөн тарабына ийгиликтүү конду. Айдын эң чоң кратери болгон Түштүк уюл-Айткен ойдуңуна конгон зонд топурак үлгүлөрүн алуу үчүн робот колду жана атайын бургу колдонду.

Бул Кытайдын Айды изилдөө боюнча алтынчы миссиясы. 2020-жылы мурунку Чанъэ-5 миссиясынын алкагында кытайлык зонд Айдын көрүнгөн тарабынан топурак үлгүлөрүн чогулткан.

error: