6-июнда Тажикстан Республикасынын Мажлиси Оли (Парламент) Мажлиси Намояндагонунда (Өкүлдөр палатасында) Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы калктын жыргалчылыгы жана мамлекеттердин гүлдөп-өнүгүшү үчүн кызматташтыгы боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттиги Тажикстан Республикасынын Мажилисинин Оли Мажлиси Намоямдагонуна шилтеме берүү менен билдирди.

Иш-чарада Тажикстан Республикасынын Мажлиси Намояндагон Парламентинин Төрагасынын орун басары Мавсума Муини белгилегендей, Тажикстан менен Кытайдын лидерлери Эмомали Рахмон менен Си Цзиньпиндин ортосунда эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп, кызматташтыктын жаркын перспективаларын белгилеген бекем ишкердик жана достук мамилелер түзүлдү.
Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана консультациялар эки өлкөнүн лидерлеринин Бириккен Улуттар Уюмунун жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында дагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даяр экендигин айгинелеери баса белгиленди. Тажикстан үчүн Кытай менен кызматташуу тышкы саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат.
«Отуз жылдан бери Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, урматтоого жана ишенимге негизделген мамилелер динамикалуу өнүгүп келе жатат жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө оң таасирин тийгизет», — деп белгиледи Мавсума Муини.
Сүрөттө: Тажикстан Республикасынын Мажлисинин Оли Мажлиси Намоямдагону