Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктурүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев белгилегендей, биздин мамлекет туризмди өнүктүрүүгө багыт алганы жана эки фонддун ортосунда кол коюлган Меморандум туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы туризм фонду аркылуу Россия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Корея менен бирге Тоо курортторунун Альянсына кошулууга даяр экенин бергиледи.
РК ӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков РК ӨФ туризм тармагында 61 миллион долларга бааланган 221 долбоорду жактырганын билдирди. Ал кошумчалагандай, биргелешкен иштешүү туристтик кластерлерди өнүктүрүү боюнча жалпы концепцияны түзүү жагынан да пайдалуу болот.
Ошондой эле Артем Новиков келишимдерди түзүү, тобокелдиктерди баалоо жана инвесторлорду тартуу боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Тараптар тоо туризминин, жана экологиялык туризмдин өнүгүүсүнө кызыгуусун билдиришти. Мындан тышкары, туризмди өнүктүрүү фонду даярдаган долбоорлор тууралуу сөз болду.
Булак: https://caravan-info.kg/