Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 1-мартта пилотсуз унаалар үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууга адистешкен кыргызстандык Entwicklerburg IT-компанияларынын жана Германиянын Staff-Eye GmbH өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Текебаев элчиликтин экономикалык чөйрөдөгү ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле Германияда да, Кыргызстанда да үстүбүздөгү жылы пландаштырылган иш-чаралар жана бизнес форумдар тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде Entwicklerburg жана Staff-Eye GmbH өкүлдөрү Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтыктын тажрыйбасы, немис адистеринин бизге келе турган иш сапарлары, ошондой эле биздин өлкөдө пилотсуз унааларды сыноо үчүн биринчи полигонду түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Жолугушуунун соңунда элчи Текебаев «Entwicklerburg» жана «Staff-Eye GmbH» компанияларынын өкүлдөрүн да быйыл Берлинде өтө турган бизнес-форумду даярдоого катышууга чакырды.
Булак: https://caravan-info.kg/