Жаз майрамы! «Үмүт үйү» мекемесинде «Апалар ажары» сынагы өттү – ИА Караван Инфо
Жаз майрамы! «Үмүт үйү» мекемесинде «Апалар ажары» сынагы өттү

«Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемеси 8-Март – Эл аралык аялдар күнүнө карата «Апалар ажары» аттуу сынак өткөрдү.

Майрамдык иш-чараны борбордун кызматкерлери жана мекеменин тургундары уюштурду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.
Чоң апалар сынакка өзгөчө дем-күч менен катышып, берилген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты. Бардык катышуучулар сыйлыктар менен сыйланышты.
Бүгүнкү күндө «Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинде 220 адам жашайт. Аларга акысыз социалдык, медициналык жана тиричилик кызматтары көрсөтүлүп, кийим-кече, бут кийим жана зарыл керектөөлөр менен толук камсыз болушат.

Булак: https://caravan-info.kg/

error: