Венада Кыргыз Республикасы тарабынан уюштурулган эл аралык энергетикалык форум башталды — ИА Караван Инфо
Венада Кыргыз Республикасы тарабынан уюштурулган эл аралык энергетикалык форум башталды

10-июнда Австриянын борборунда эл аралык инвестициялык энергетикалык форум өз ишин баштады. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров видеоконференция аркылуу сөз сүйлөдү.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

«Форум туруктуу өнүгүүгө карай маанилүү кадам жана бизди жашыл жана гүлдөгөн дүйнөгө алып баруучу жолдун жаркын башталышы болот… Форум Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия региону үчүн эсте калаарлык болот, анткени биринчи кезекте регионалдык маанидеги – Камбар-Ата ГЭС — 1 куруу долбоорун андан ары ишке ашыруу маселеси талкууланат», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Саясатчы иш-чарага катышуу үчүн келген катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, форум стратегиялык өнөктөштүктүн жана чечкиндүү биргелешкен аракеттердин аянтчасы боло аларын белгиледи.

«Бул форум биздин планетанын жашоо сапатын жакшыртууга, жаратылыш байлыктарын сактоого багытталган көптөгөн ийгиликтүү долбоорлор жана демилгелер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачсын», — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Бул энергетикалык форум Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан Дүйнөлүк Банк тобунун колдоосу менен уюштурулган.

Форумга 200дөн ашык эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Борбор Азия, Европа, Жакынкы Чыгыштан келген делегациялар катышты.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты

error: