Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышуу үчүн Алжирге болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ИӨБ Президенти Мохаммед Аль-Жасер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар иштеп жаткан долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн жана өнөктөштүктү тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл энергетика тармагына жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун флагман долбооруна бурулду. Амангелдиев ИӨБ бул стратегиялык демилгени ишке ашырууда негизги өнөктөштөрдүн бири болуп каларына ишенимин билдирди.
Долбоор боюнча даярдык иштери бюджеттен каржыланып жатканын, ал эми техникалык-экономикалык негиздемени жана экологиялык экспертизаны жаңылоо графикке ылайык жүрүп жатканын жана 2025-жылдын май айынын аягына чейин бүтөрүн белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы ИӨБ портфелин кеңейтүү, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду колдоо боюнча атайын техникалык топ түзүү маселеси талкууланды. 2024-жылы кол коюлган 79 миллион долларлык арзан турак-жай менен камсыз кылуу долбоору өзүнчө каралды. Курулушка жер бөлүп берүү иштери жүрүп жатат.
Амангелдиев ошондой эле өлкөдөгү алгылыктуу экономикалык динамикага жана Moody's жана S&P агенттиктеринин кредиттик рейтингинин «Туруктуу+» деңгээлине көтөрүлгөнүн баса белгиледи.
ИӨБ президенти Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган жаңы биргелешкен демилгелерге катышууга кызыкдар экенин билдирип, кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин ырастады.