Президент Касым-Жомарт Токаев Конституциялык комиссиянын төрайымы жана Конституциялык соттун төрайымы Эльвира Азимованы, Конституциялык комиссиянын төрайымынын орун басары жана мамлекеттик кеңешчи Ерлан Каринди жана Конституциялык комиссиянын мүчөсү, президенттин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Ержан Жиенбаевди кабыл алды.

Эльвира Азимова Комиссиянын акыркы жыйындарында өткөн талкуулардын жүрүшүндө Конституциянын концептуалдык жактан жаңы тексти иштелип чыкканын билдирди.
Комиссия мүчөлөрү жаңы преамбуланын, бир катар беренелердин жана бөлүмдөрдүн мазмуну бүтүндөй конституциялык моделди олуттуу модернизациялоону, саясий жана коомдук институттарды өркүндөтүүнү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо механизмдерин күчөтүүнү камтый тургандыгын белгилешти. Буга байланыштуу Комиссия мүчөлөрү бул долбоорду жаңы Конституциянын долбоору катары кароо керек деген пикирин билдиришип, аны коомдук талкууга жарыялоону сунушташты. Конституциялык комиссия өз кезегинде жаңы Негизги Мыйзамдын долбоору боюнча ишин улантат.
Президент Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Конституциялык комиссия кеңири иштерди бүтүрдү.
Мамлекет башчысы жаңы Конституциянын долбоорун жалпы улуттук кароодон өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйынтыктап айтканда, Президент жаңы Конституция боюнча акыркы чечимди өлкө жарандары жалпы улуттук референдумда кабыл алаарын дагы бир жолу баса белгиледи.
Булак: IA ХАБАР
