ООГАНСТАН, 2026-жылдын 3-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибандын Москвадагы элчиси Гул Хасан кыймылдын администрациясы Орусиядан мунай, газ жана башка товарларды импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Ошол эле учурда ооган эмгек мигранттарын тартуу, ошондой эле Кабул менен Москванын ортосунда түз каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Орусиянын ТАСС мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде элчи банк чектөөлөрү жана башка бир катар тоскоолдуктар алынып салынса, Ооганстан Орусиядан мунай, газ жана башка көптөгөн товарларды импорттой аларын белгиледи.
Анын айтымында, талиптер ошондой эле дары-дармектерди, өнөр жай товарларын, дан эгиндерин, өсүмдүк майларын жана башка орусиялык продукцияларды сатып алууга кызыкдар.
Гүл Хасан мындай соода алмашуулар эки тараптын ортосундагы сооданын жалпы көлөмүн бир топ жогорулата аларын баса белгиледи.
Ошондой эле ал талиптер ооган товарларын орус рыногуна чыгаруу үчүн Москвада ооган товарларынын көргөзмөсүн уюштурууну көздөп жатканын айтты.
Эмгек мигранттары боюнча сүйлөшүүлөр
Ошол эле маегинде Гүл Хасан Орусия менен Талибан ооган жумушчуларын тартуу маселесин талкуулап жатканын билдирген. Ал кыймыл Орусияга жаш, кесипкөй жана квалификациялуу адистерди жөнөтүүгө даяр экенин жана сүйлөшүүлөрдө оң натыйжаларга жетүү үчүн алдын ала шарттар бар экенин билдирген.
Ал тараптар аба каттамдарын кеңейтүү боюнча да иштеп жатканын жана Кабул менен Москванын ортосунда Kam Air түз каттамдарынын ачылышы күтүлүп жатканын кошумчалады.
Сүрөт: Khaama Press
