Загребде күрөш боюнча эл аралык рейтингдеги “Zagreb Open-2026” турнири жыйынтыкталды.
Өзбекстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы алты медаль утуп алды. 67 кг салмактагылар арасында алтын медалды Айтжан Халмахонов жеңип алды. Ал египеттик Мухаммад Хасан Ахмад Абдулрахимди, молдовалык Валентин Петицаны, жапониялык Киотаро Согабени жана грузиялык Диего Чкиквадзениди жеңди.
Алишер Ганиев менен Ихтиёр Ботиров өз категорияларында күмүш, Шахзод Кучкаров, Абдулла Алиев жана Мухаммадкодир Расулов коло медалга ээ болушту.
Жалпы командалык эсепте Өзбекстан командасы экинчи орунду ээледи. Биринчи орунду Иран командасы, үчүнчү орунду Казакстандын спортчулары ээледи.

