Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн атуу боюнча Азия чемпионатында Абдураззак Муратов жана Жибек Бекташева кыргызстандык командага дагы эки коло медалды алып келишти.
VP-6 (пневматикалык мылтык, аралаш) мелдешинде кыргызстандык спортчулар жогорку тактыкты жана мыкты командалык ишти көрсөтүштү. Абдураззак Муратов жана Жибек Бекташева континенталдык чемпионатта коло медалды жеңип алышып, үчүнчү орунду ээлешти.
Ошондой эле, пневматикалык мылтык атуу боюнча кыздар арасындагы командалык мелдеште Кыргызстандык спортчулар үчүнчү орунду ээлеп, коло медалдарды жеңип алышты. Команданын курамында Альбина Тулебердиева, Даткайым Садыкова жана Жибек Бекташева бар болчу.
Азия чемпионаты 2-февралдан 14-февралга чейин өтүп, өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өткөрүлөт. Турнирге 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда.
Белгилей кетсек, Азия чемпионатында Кыргызстанды 16 спортчу жана 3 машыктыруучу коргоп жатат.
09.02.2026 07:51:33

