Кыргызстандын велоспорт боюнча улуттук курама командасы Сауд Арабиясында 5-февралдан 13-февралга чейин өтүп жаткан 45-шоссе велосипед тебүү боюнча Азия чемпионатына катышууда.
Кыргызстандык Игорь Филин 62,4 чакырымдык шоссе жарышында ишенимдүү түрдө жеңишке жетип, Masters 60-64 категориясында алтын медалды жеңип алды. Ал мурда 20 чакырымдык жеке убакыт жарышында күмүш медалды жеңип алган.
2026-жылдын 10-февралы, саат 6:51:01

