Ош шаарындагы 15 жашар кыз кабылган окуя боюнча толук маалымат — ИА Караван Инфо
Ош шаарындагы 15 жашар кыз кабылган окуя боюнча толук маалымат

Аталган факт Ош ОИИБде катталып текшерүү иштери башталган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жыйынтыгында окуянын жагдайлары толук аныкталган. Ош шаарынын тургуну 15-жаштагы кызды, топ кыздар жана балдар өмүрүнө же ден-соолугуна коркунучтуу болгон зомбулукту жасап, шантаж кылуу жолу менен сойкулук кылууга тартуу же болбосо сойкулук кылууга мажбурлоо түрүндөгү аракеттерин жасашкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 159-беренеси (Сойкулук кылууга тартуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары жана катышуучулары аныкталып, тийешеси бар адамдардын баары тергөө кызматына камсыз кылынган.

Тергөө амадарынын учурдагы жыйынтыгы менен 2003-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган К.М., 2004-жылы туулган Ш.Н., 2006-жылы туулган М.М. бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат, калган тийешеси бар адамдар менен тергөө амалдары улантылууда.

error: