Бишкек шаарынын мэри троллейбустар тууралуу — ИА Караван Инфо
Бишкек шаарынын мэри троллейбустар тууралуу

«Бүгүнкү күндө Бишкек мамлекет башчысынын колдоосу менен 1000 автобус менен камсыз болду. Биз бүгүнкү күндө шаарга коомдук транспорт керек экенин бир нече жолу айттык. Бул бизге эмне берди? Шаар ичинен 1,5 миңден ашык кичи автобустарды чыгардык. Троллейбус маселеси, «Ачык асман» шаарын түзүү жөнүндө сөз болуп жаткандай.  Бул биздин программада болгон. Биз бүгүнкү күндөгү динамиканы токтотпошубуз керек.

Автобустар бизге жаңы маршруттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Биз троллейбустарды сатпайбыз, аймактарга берип жатабыз. Бул мамлекеттин саясаты, өлкө жетекчилигинин саясаты, бул Бишкек мэриясынын саясаты. Баары бирдей өнүгүшүн каалайбыз», — деди шаар башчысы.

error: