Жобого ылайык, медаль социалдык чөйрөдөгү ак ниет эмгеги, социалдык камсыздоо, гендердик теңчилик жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы, көрсөткөн гуманизми, руханияттын бийик идеалдарын жандандыруу ишине кошкон көрүнүктүү салымы үчүн ыйгарылат.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Батыш Салиева көрүнүктүү мамлекеттик ишмер гана эмес, аялдардын лидерлигинин чыныгы символу. «Өз убагында ал аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн. Лидер айым-Батыш Салиева социалдык камсыздоо системасын түзүп, көп жылдар бою Кыргызстандагы аялдар кыймылын жетектеп, аялдарга жаңы кесиптерди алууга жана жаңы тармактарды өздөштүрүүгө жардам берип келет.
Бул сыйлык символикалуу, анткени бүгүн агенттик аялдардын лидерлигин колдоо боюнча КР Президенти С.Н.Жапаровдун демилгесин ишке ашырууга киришти. Лидер аялдардын кадрлар резерви түзүлүүдө, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жаңы окуу программалары жана модулдары иштелип чыгууда, ченемдик укуктук актыларга саясий мамлекеттик жана атайын кызмат орундарына, саясий муниципалдык кызмат орундарына дайындоо тартибин караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп маалымдады ал.
Агенттиктин башчысы аялдардын лидерлиги маселесине мамлекеттин көңүл буруусунун көрсөткүчү болуп Батыш Салиевага Кыргыз Баатыры наамын ыйгаруу болорун баса белгиледи.
«Кыргызстандагы 36 баатырдын экөө гана аял. Менин оюмча, өлкөнүн аялдар лидерлигинин каарманы Батыш Салиева болушу мүмкүн», — деди Кудайберген Базарбаев.