Билим күнүндө милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздайт
Республиканын окуу жайларында ички иштер министрлигинин 4 миңден ашык кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышат. Мындан тышкары, сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун камсыздоого олуттуу көңүл бурулат.
Ички иштер министрлиги айдоочуларды мектептердин жанынан унаа айдаганда өтө этият болууну эскертет.