Айыл чарба министрлиги эттин кымбатташына байланыштуу мал жана жылкыны экспорттоону токтотту. – ИА Караван Инфо
Айыл чарба министрлиги эттин кымбатташына байланыштуу мал жана жылкыны экспорттоону токтотту.

Кыргызстандан башка өлкөлөргө ири жана майда малдарды, ошондой эле жылкыларды алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилгенин Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, ветеринардык кызмат малды каттоо иштери бүтмөйүнчө 15-20 күнгө чейин экспортко уруксат бербейт. Экспортту убактылуу токтотууга айыл чарба жаныбарларын так эсепке алуу жана ветеринардык-санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылчылыгы себеп болууда.

Айыл чарба министрлиги бул республиканын ичинде да, биздин эл аралык өнөктөштөр үчүн да көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртат деп түшүндүрдү. Инвентаризация аяктагандан кийин, биринчи кезекте көрсөтүлгөн мөөнөттө келип түшкөн бардык арыздар каралат.

Буга чейин өлкө жарандары эттин кымбатташына нааразылыгын билдиришкен. Мурда анын баасы 600 сомдон ашпаса, азыр калктын айтымында, баасы 600 сомдон 700 сомго чейин. Даттанууларга жооп кылып, Айыл чарба министрлиги “баалардын олуттуу өсүшү” болбогонун жана тынчсызданууга негиз жок экенин ырастады.

Сүрөт: Tazabek

error: