Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугушту.

Талкуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы багыттары белгиленди, деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз борбору.
Жапаров Кыргызстан Ооганстан менен соода, транспорт, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында алакаларды өнүктүрүүгө умтулуп жатканын баса белгиледи.
Ал ошондой эле республиканын Афганистандын кен байлыктарын биргелешип иштетүүгө жана келечектүү демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.
Нурулла Амин өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да уланаарына ишенимин билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жакында террордук деп таанылган жана өлкөдө тыюу салынган уюмдардын тизмесин жарыялаган.
Эң кызыгы, бул тизмеге эл аралык деңгээлде таанылбаганына карабай учурда Ооганстанды көзөмөлдөгөн талиптер кирбейт.
Айрым маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстан талиптерди расмий түрдө кара тизмеден чыгарганын, бирок бийлик бул маселе боюнча комментарий бере электигин, сот жана прокуратура органдары унчукпай турганын жазышууда.
Сүрөт: республиканын Министрлер Кабинетинин басма сез кызматы