Борбор калаадагы кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымын эске алуу менен анын ысымы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасына ыйгарылды.

Эми бул медициналык мекеме «Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугунун Бишкек мамлекеттик ооруканасы» деп аталат.
Бүгүнкү күндө бул оорукана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, жарандардын саламаттыгын сактоочу коммерциялык эмес уюм катары иш алып барат.
Медициналык борбор ачылгандан бери Кыргызстандын жашоочулары жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Оорукананын түзүмүнө тез жардам бөлүмдөрү, анестезиология, ички оорулар, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология, ошондой эле поликлиника жана радиология бөлүмү кирет.
Оорукана медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары илимий иш менен да алектенет.
Сүрөт: ачык булактардан