Ош шаарында Ынтымак жумалыгы башталды – ИА Караван Инфо
Ош шаарында Ынтымак жумалыгы башталды

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн Ынтымак жумалыгына старт берилди. Иш-чара Эл аралык тынчтык күнүнө карата уюштурулган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Тынчтыкты куруу хабынын өкүлү Дилдора Хамидова, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Тынчтык куруучуларды чогулткан жумалык, БУУнун негизги улуттук концепцияларын ишке ашырууга, тынчтыкты орнотуу жаатында өнөктөштүктүн жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы инновациялык жолдорун табууга багытталган.

Белгилей кетсек, жумалык Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Тынчтыкты куруу борбору тарабынан уюштурулган. 

error: