ОшМУда залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылды – ИА Караван Инфо
ОшМУда залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылды

Педагогика, искусство жана журналистика институтунда Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун музейи оңдолуп, санариптешип, пайдаланууга берилди.

Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков, окутуучулар, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси Алишер Тоотаев, обончунун кызы Сюита Абдыкадырова жана замандаштары, шакиреттери катышты.

Заманбап жасалгаланып, санариптешкен музейде аудио-гид иштейт. Келген коноктор улуу талант жөнүндө маалыматты үч тилде – кыргызча, англисче жана орусча ала алышат. Мындан тышкары музейде Абдыкадыровдун колдонгон буюмдары, музыкалык аспаптары кол жазмалары жана сыйлыктары да коюлган.  

Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болсо быйыл 83 жашка чыкмак. Ал  1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Булак айылында туулган. Өмүрүнүн акырына чейин Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген. Чыгармачылык жолунда  200дөн ашуун обон жаратып, чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен. 

error: