Кайыңды конушунда жаңы жол курула баштады – ИА Караван Инфо
Кайыңды конушунда жаңы жол курула баштады

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Кайыңды конушундагы Дорожный көчөсүндө Элебесов көчөсүнөн каналга чейинки жолду капиталдык оңдоо иштерин баштады.

Оңдоо иштеринин алкагында жолду 7 метрге чейин кеңейтүү, ошондой эле тротуар салуу, ирригация системасын орнотуу иштери аткарылат.

Азыркы учурда жолчулар жолдун 1,1 км аралыгында   эски асфальтын сыйрып, жол кыртышын иштетүү боюнча жумуштарды  аякташты.

error: