Бишкек жана Минск шаарлары кызматташуу жөнүндө Жол картасына кол коюшту
Минскте 2024-2026-жылдарга Бишкек менен Минск шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыгы жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигининен билдиришти.
Документке Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин жардамы менен кол коюлду.
Келишимге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев кол койду.
Орто мөөнөттүү Жол картасында Кыргызстан менен Беларустун борборлорунун ортосундагы артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташуунун конкреттүү багыттары аныкталган.