Казакстанда эң ири нефтехимиялык заводдун курулушу башталды – ИА Караван Инфо
Казакстанда эң ири нефтехимиялык заводдун курулушу башталды

11-сентябрда Атырау облусунда Казакстандагы эң ири полиэтилен чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Жаңы завод өлкөнүн мунай-химиялык өнөр жайын өнүктүрүүдөгү негизги долбоорлордун бири болот.

Ачылыш аземине Казакстан өкмөтүнүн, КазМунайГаз, СИБУР жана Sinopec компанияларынын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты. Долбоор Казакстан Республикасынын Президентинин колдоосу менен ишке ашырылып жатат жана импортту алмаштырууга жана жогорку кошумча наркы бар продукциянын экспортун көбөйтүүгө багытталган.

Завод эл чарбасынын дээрлик бардык тармактарында колдонулуучу полиэтилендин кецири ассортиментин чыгарат. Өндүрүштү баштоо 2029-жылга пландаштырылган. Ал 8 миңден ашык жаңы жумуш орундарын түзүп, облустун жана жалпы өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу түрткү берери күтүлүүдө.

Долбоорду КазМунайГаз, SIBUR жана Sinopec биргелешип түзгөн Silleno компаниясы ишке ашырууда. Каржылоо акционерлердин өздүк каражаттарынын жана тартылган кредиттердин эсебинен ишке ашырылат. Заводдун курулушу Казакстанга аймактагы полиэтилен боюнча алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бирине айланууга жана дүйнөлүк рынокто позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Сүрөт: Атырау облусунун акими

error: