Түндүк Казакстан облусунда казак-кытай агро өнөр жай долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда — ИА Караван Инфо
Түндүк Казакстан облусунда казак-кытай агро өнөр жай долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда

Түндүк-Казакстан облусунда агро өнөр жай кластерин түзүү боюнча биргелешкен казак-кытай долбоору динамикалуу өнүгүп жатат. Бул масштабдуу долбоордун демилгечиси кытайлык Сиан Айджу корпорациясы болгон.

Азыртадан эле долбоордун алкагында кубаттуулугу жылына 300 миң тонна болгон Тайынша-Май май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү завод ийгиликтүү иштеп жатат. Ишкана 70тен ашык адамды жумуш менен камсыз кылуу менен гана чектелбестен, райондун экономикасынын өнүгүшүнө да чоң салым кошууда.

Азыркы учурда жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды: тегирменди, тоют цехин жана дан сактоочу жайды куруу журуп жатат. Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү 6,8 миллиард теңгени түзүп, дагы 90 жаңы жумушчу орун түзүлөт.

Сүрөт: Казакстан Республикасынын айыл чарба министрлиги

error: