Ушул жуманын башында Кыргыз Республикасынын Индиядагы жана Шри-Ланкадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов Индиянын Тышкы иштер министринин жаңы орун басары Паван Капур менен жолугушту.
Элчи П.Капурду министрдин орун басары кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча активдүү биргелешкен ишке даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сапарларга даярдыктар жана тараптар карап жаткан эки тараптуу долбоорлор боюнча ишти активдештирүү маселелери талкууланды.
Тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү жана Индиядан келген студенттерди Кыргызстандын университеттеринде окутуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.