Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору мыйзамсыз унаа токтотуу боюнча кезектеги рейд өткөрүштү. Унааларын газондорго токтоткон айдоочуларга чара көрүлдү.
Мэриянын маалыматына караганда, 7-Апрель көчөсүндөгү жашыл аянтка үч айдоочу унаасын токтоткон. Аларга карата Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренеси боюнча жалпы суммасы 9 000 сомго протоколдор түзүлгөн.
“Айдоочулардын кайдыгерлигинен улам жашыл аянт бузулуп, чөп өспөй калат. Мындай иш-аракеттер мыйзам чегинен тышкары жана борбор шаардын көркүн бузат”, – деп айтылат маалыматта.
Мэрия айдоочуларга кайрылып, жашыл аянтка унаа токтоткондорго КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынарын эскертти.