Баланы тамактандыруу кыйын болсо, эмне кылуу керек?
Балаңызды тамактандыруу кыйынбы? Биринчи кезекте, тамак учурунда ар кандай маселелерди талкуулоону токтотуңуз, тамактануу маалында үйдөгү атмосфера жагымдуу жана тынч болушу керек.
Баланы тамакты түгөтө жегенге мажбурлабаңыз, анын тойгонун жана каалоосун эске алыңыз.
Балаңыз ашыкча жебегенине кубаныңыз, бул туура реакция жана аны колдоого гана алуу керек.
Бала ыйласа тамак берип сооротпоңуз. Ый – бул дайыма эле ачка калганда жаралуучу эмоция эмес.
Анан, албетте, баланы тамак, айрыкча таттуулар менен сыйлай бербеңиз.
Бул жөнөкөй эрежелер балаңызда туура тамактануу жана азыкты өз өлчөмүндө гана кабыл алуу адаттарын калыптандырат.