Галина Кетова Евразиялык аялдар форумунда Кыргызстандагы “Бирдиктүү аракеттер күндөрү” тууралуу айтты – ИА Караван Инфо
Галина Кетова Евразиялык аялдар форумунда Кыргызстандагы “Бирдиктүү аракеттер күндөрү” тууралуу айтты

БУУнун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын башкы катчысы, Коста-Риканын мурдагы вице-президенти Ребекка Гринспан катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал белгилегендей, форумдун негизги темасы «Аялдар ишенимди жана глобалдык кызматташтыкты бекемдөө үчүн» бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу.

«Бүгүн биз ишеним гана эмес, үмүт да жетишпеген дүйнөдө жашап жатабыз. Экономикалык кыйынчылык, теңсиздик, геосаясий кризис жана климаттын начар жагына өзгөрүшү ишенимсиздикти жана чочулоону жаратууда.  Бардык өлкөлөрдө жана континенттерде аялдар туш болгон кыйынчылыктар абдан окшош», – деди Гринспан айым. Ал Евразиялык аялдар форумун “жамааттык акылмандыкты колдонуу, өзгөрүүлөрдү көздөгөн аялдардын үнүн күчөтүү мүмкүнчүлүгү” деп атады.

 Ассамблеяда санкциялардын натыйжасында пайда болгон элдик дипломатиянын жаңы форматтары тууралуу көп сөз болду.

Орус тилдүү аялдардын бүткүл дүйнөлүк альянсынын (Италия) президенти Татьяна Чувилеванын айтымында, бул жылы европалык аялдар коомчулугу менен бирге үч форум өткөрүлдү, алар россиялык коомдук уюмдарга болгон ишенимди калыбына келтирүүгө жардам берди. Алар үч негизги маселенин үстүндө иштеп жатышат: аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, аялдардын жакырчылык көйгөйү жана зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы туруу аракети, өзгөчө социалдык тармактарда.

Румыниялык Ирина Кудрина 2023-жылдын 1-июлунда Бухаресттеги Орус үйү жана Россия элчилигинин алдындагы орус мектеби жабылгандан кийин мекендештер менен иштөөнүн жаңы форматтары тез эле табылганын айтты. Маданий алмашуу азыр Россиянын аймактары аркылуу жүргүзүлүп, Россиядагы маанилүү майрамдарга жана унутулгус күндөргө арналган иш-чаралар чагылдырылат. Иш уланууда.

Египеттен “Жеңиш Волонтерлору” эл аралык кыймылынын жетекчиси Дарья Мацук өлкөнүн жашоочулары орус тилин үйрөнүсүү боюнча орус университеттери менен кызматташуу тажрыйбасын бөлүштү.

Казакстандан «ГАЛА» коомдук фондунун президенти, Галина Кетова өлкөдө өтүп жаткан «Бирдиктүү аракет күндөрү» иш чаралары тууралуу айтып берди.

Ассамблеянын чет өлкөлүк меймандары өз өлкөлөрүндөгү аялдардын иши жөнүндө айтып беришти. Куба Республикасынын Мамлекетик кеңешинин жана  жаштар, балдар жана аялдардын бирдей укуктары боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Арелис Сантана Белло мамлекеттик органдарда иштеген аялдардын статистикасы менен тааныштырды. Өлкөнүн парламентинде аялдардын үлүшү 55%, Мамлекеттик кеңеште 46%. Мамлекеттик жана өкмөттүк уюмдарда жетекчилик кызматтардын 52%ын аялдар ээлейт, мындан тышкары өкмөттө 7 министр, башкы прокурор жана башкы аудитор аялдар, соттордун арасында аялдардын үлүшү 80%ды түзөт.
Абхазия Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Диана Пилия белгилегендей, анын кесиптештери – Жогорку жана Арбитраждык соттордун жетекчилери да аялдар.
“Акыркы убакта биз мамлекеттин ичинде да, мамлекеттер аралык деңгээлде да ишенимдүү жана күчтүү альянстардын зарылдыгын көбүрөөк сезип жатабыз”, – деп белгиледи Пилия. Ага жооп катары сенатор Елена Афанасьева абхаз аялдары менен биргеликте коомдук уюм түзүүнү сунуштады.
Орус тилдүү аялдардын бүткүл дүйнөлүк федерациясы 2022-жылдын ноябрь айында III Евразиялык аялдар форумунун чечимдерин ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал 53 өлкөдөгү орус тилдүү аялдардын  жамааттарын бириктирет.

error: