Финансы министри Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолугушту
Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Башкаруучу директору/администрация департаментинин жетекчиси Вэнцай Чжан жетектеген Дүйнөлүк банктын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун алкагында тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты: Кыргызстан үчүн Дүйнөлүк банктын жаңы финансылык шарттары, Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү өнүгүүгө үмүт артышты.